14-15-сентябрында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган форум болуп отту

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2022-жылдын 14-15-сентябрында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Улуттук инновациялык экосистеманы түзүүдөгү университеттердин ролу” аттуу Дүйнөлүк ректорлордун форумна К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Р.З.Нургазиев, КУАУнун окуу иштери боюнча прероктору А.Ш.Иргашев,  IT-кызматкерлер, лидер-студенттер катышышты.

Биринчи бөлүгү Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп, иш-чарага КР Министирлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаров, КР Билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиев, 60 тан ашык өлкөдөн, анын ичинен АКШ, Россия, Улуу Британия, Германия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Австрия сыяктуу алдыңкы университеттердин 100 гө жакын ректорлор, Италия, Венгрия, Болгария, Польша, Малайзия, Кения, Бангладеш, Казакстан, Армения, Азербайжан, Грузия дүйнөгө белгилүү окумуштуулар, бизнес чөйрөсүнүн, чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрңү катышышты.

Экинчи бөлүгү К.Карасаев атындагы БМУда  “Кыргызстандын ЖОЖдорунун “EXPO-2022” эл аралык билим берүү көргөзмөсү өткөрүлдү. Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү, Кыргызстандын ЖОЖдорунун илимий потенциалын, акыркы жогорку технологиялык иштеп чыгууларын   кеңири демонстрациялоо боллу.

Программага ылайык, иш-чара “КР билим жана карьера” аттуу видеороликтин интерактивдүү демонстрациясы менен башталып,  ЖОЖдордун жетишкендиктери тууралуу видероликткери көрсөтүлдү. Көргөзмөнү КР Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов ачты.  Иш-чарага: VIP коноктор, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу жана ЖОЖдордун ректорлору  катышышты.

Форумда   алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ЖОЖдордун интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын коммерциялаштыруу, инновация үчүн кадрларды даярдоо боюнча, илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында, илимий-техникалык потенциалды чыңдоо маселелери талкууланды. Форум  дүйнөлүк университеттер менен алардын илимий мектептеринин негизинде, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосунда  кызматташуу мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берилди.