Кытайдын Синьцзян аймагындагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунан расмий делегация
2026-жылдын 10-июнунда К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, биология илимдеринин доктору Нурзат Эрмековна Тотубаева менен Кытайдын Синьцзян аймагындагы Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунан келген делегациянын жолугушуусу болуп өттү.
Расмий делегацияны Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунун вице-губернатору Вэнь Гуанхуа мырза жетектеди. Делегациянын курамына Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунун илим жана технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси Ян Чжуннэн мырза; Синьцзян функционалдык айыл чарба биоинженериясынын негизги лабораториялык борборунун директору Рэн Маожи мырза; Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунун илим жана технологиялар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Шэнь Цзяньпин мырза; Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору И Лихээрбайке мырза; Синьцзян функционалдык айыл чарба биоинженериясынын негизги лабораториялык борборунун эксперти Пэн Ю мырза жана аталган борбордун ассистенти Ху Иган мырза кирди.
Жолугушууга ошондой эле проректорлор Б.З. Калдыбаев жана К.К. Абдыкеримов, ошондой эле ветеринария илимдеринин доктору Ж.К. Керималиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан транспорттук коридорунун ишке ашырылышы менен ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында илимий, технологиялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар билим берүү, илим, инновация жана технологиялар тармагындагы кызматташууну мындан ары да улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.