2026-жылдын 4-июнунда К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине Кытай Эл Республикасынын Түндүк-Батыш айыл чарба жана токой чарба университетинин (Northwest A&F University, NWAFU) делегациясы келди. Делегацияны эл аралык кызматташтык боюнча вице-президент Чжан Хунмин жетектеди. Делегациянын курамына тартиптик инспекция боюнча комиссиянын катчысынын орун басары Чжао Уцзюнь, эл аралык кызматташтык жана алмашуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Ши Хуэйчжоу жана багбанчылык колледжинин окутуучусу Лю Янронг кирди.
Конокторду университеттин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева кабыл алды. Жолугушууга мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Кубанычбек Токтоназарович Тургунбаев жана эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу боюнча проректор Кубанычбек Кудайбергенович Абдыкеримов катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү, илим жана эл аралык ишмердүүлүк багыттарындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл төмөнкүлөргө бурулду:
— студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү;
— илимий-изилдөө багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү;
— биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруу;
— агрардык билим берүү жана заманбап айыл чарба технологиялары жаатында тажрыйба алмашуу.
Эки университеттин өкүлдөрү көп жылдык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, академиялык жана илимий байланыштарды мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.