2026-жылдын 10-апрелинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жамаатына окуу жайдын жаңы дайындалган ректору расмий түрдө тааныштырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Бакаев Азат Жумгалбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Тескемеси менен тааныштырды. Ага ылайык, Тотубаева Нурзат Эрмековна К.И. Скрябин атындагы КУАУнун ректору болуп дайындалды.
Өз сөзүндө Азат Жумгалбекович жаңы дайындалган ректорго ийгилик каалап, университеттин алдында турган мамлекеттик маанидеги негизги милдеттерге токтолду.
Салтанаттуу жыйынга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Исаматова Гүлзат Тыныбековна, ошондой эле Аталган министрликтин бөлүм башчысы Исираилова Айнура Төлөбековна, университеттин декандары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Министр Гүлзат Тыныбековна өз сөзүндө жогорку билим берүүдөгү жаңы багыттарга, ошондой эле агрардык илимди эл аралык деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле иш-чарада университетти көп жылдар бою жетектеп келген мурдагы ректор, академик Нургазиев Рысбек Зарылдыкович сөз сүйлөп, окуу жайдын жетишкен ийгиликтерине токтолду. Ал жаңы дайындалган ректор Нурзат Эрмековнага ийгилик каалап, университеттин келечектеги өнүгүүсүнө ишеним билдирди.
Иш-чаранын алкагында коноктор университеттин заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана акыркы үлгүдөгү материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышышты. Айрыкча, университеттин сыймыгы болгон «In Vitro» лабораториясы чоң кызыгуу жаратты.