2025-жылдын 24-октябрында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ), Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен БУУнун Өнүктүрүү программасы менен биргелешип уюштурган «Бизнес, экология жана спорт – Ак-Илбирс 2025» форумунун алкагында семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин, Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын студенттери, ошондой эле К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) студенттери катышышты.
Семинарды (NABU) Германиянын Табиятты коргоо союзу уюмунун Кыргызстандагы экологиялык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Казакбаева Алтын жардамчылары жана кесиптештери менен бирге ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Ошондой эле NABUнун мониторинг бөлүмүнүн кызматкери Омурбек Кадыров фотокапканды (жапайы жаныбарларды байкоочу атайын камераны) көрсөтүп берди.
NABU өкүлдөрү бийик тоолуу жайлоолордун ашыкча пайдаланылышынын айынан ак илбирстин саны кескин азайып жатканын белгилешти.
Кызыктуу баяндамалар жана презентациялар БМУнун студенттери Мирланова Кэролайн, Мыктыбеков Исан, Бакиров Байэл, ошондой эле КУАУнун Экология кафедрасынын студенттери – Алышбаев Мансур (1-курс), Турдубек кызы Медина (3-курс), Усманов Бекзод (3-курс) катышышты.
Ар бир баяндама чоң кызыгуу жана жандуу талкуу жаратты. Семинар пикир алмашуу, экологиялык маселелер боюнча биргелешкен талкуу үчүн аянтчага айланды.
Иш-чаранын соңунда бардык баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды. Жалпысынан семинар ийгиликтүү өтүп, жогорку окуу жайлардын экологиялык кызматташтыгын чыңдоого, теория менен практиканы бириктирүүгө жана студенттерди түздөн-түз табиятты коргоо ишине тартууга өбөлгө түздү.