You are currently viewing КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Н.Т. К.И.Скрябин атындагы КУАУнин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында, расмий сапары менен келди.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Н.Т. К.И.Скрябин атындагы КУАУнин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында, расмий сапары менен келди.

     2024-жылдын 29-январында  КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Н.Т. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында, расмий сапары менен келди. Дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун кабинети, университеттин музейи, илимий китепкана, мамлекеттик тил кабинети, Стартап борбору менен таанышкан соң, окуу жайдын профессор-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугушту.  КУАУнун ректору, академик Нургазиев Р.З.      окуу жайдын ишмердүүлү тууралуу презентация жасады.

     КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Н.Т. Кыргыз улуттук агрардык университети тарыхы бай, жогорку деңгээлдеги билими жана күчтүү илимий потенциалы бар университет экендигине токтолду. Бүгүнкү күндө университет республиканын ЖОЖдорунун арасында агрардык багыттагы    көп тармактуу жогорку окуу жайы болуп саналарын белгиледи. Азыр мамлекет айыл чарба тармагын мыкты түшүнгөн, аны өнүкүрүүнүн заманбап ыкмаларын  жашы өздөштүргөн адистерге муктаж экендигин  тастыктады.

       К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессор-окутуучуларына  билим берүү, илимий-изилөө иштерине ийгиликтерди жана студенттерине мыкты билим алууларына жана кесипкөй адис болуп чыгууларын каалады. Жогорку Кеңештин фондусунан мыкты окуган, коомдук иштерге жигердүү катышкан 15 студентке  ар бирине 20 000 (жыйырма миң) сомдон стипендия берилерин жана 2 профессор-окутуучунун эки окуу куралын  басмадан чыгарыла  тургандыгын белгиледи.  Ошондой эле, КУАУга  компьютердик жабдыктарды тапшырды.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевге Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

       Жарыш сөзгө  III  даражадагы Манас орденини ээси, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдыкеримов А.А., III  даражадагы Манас орденинин ээси, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор  Осмонов Ө,ж, чыгышты.

Соңунда суроо-жооптор болду.