2022-жылдын 4-апрелинде

2022-жылдын 4-апрелинде  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Логистиканын 4.0 заманбап чакырыктары» аттуу IV Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы кафедрасынын доценти К.Н. Осмоналиеванын жетекчилиги алдында 610600 “Айыл чарба багыты боюнча билим алган 3-курстун студенттери: Асанбеков Калыгул жана Капарова Айгерим катышты. Студенттер илимий баяндамалары менен «Жашыл – логистика» секциясында  катышып,  презентацияларын коргошту. Конференциянын катышуучулары  тараптан КУАУнун студенттеринин баяндамаларына чоң көңүл бурулуп,  кызуу талкууга алынды.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча КУАУнун студенттеринин илимий иштерине жогору баа берилип, Капарова Айгерим  «II даражадагы дипломго»  ээ болду, ал эми Асанбеков Калыгул   сертификат менен сыйланды.

Осмоналиева  К.Н. кафедранын атынан И.Раззаков атындагы КМТУнун “Логистика” кафедрасынын жамаатына  көп жылдык окуу-илимий кызматташууну белгилеп, чоң ыраазычылык билдирди.