2022-жылдын 1-сентябырында

2022-жылдын 1-сентябырында КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун,  КР Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасындагы 30дан ашык жогорку окуу жайларында   Start Up (Бизнес инкубатор) борборлору  ачылды.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин башкы  окуу имаратында зманбап Start Up (Бизнес инкубатор) борборун  КУАУнун ректору, академик Рысбек Зарылдыкович Нургазиев, проректорлор, декандар, директорлор, түзүмдүн жетекчилери, студенттердин катышуусу менен салтанаттуу ачты.  

 КУАУнун  студенттери тарабынан 71 стартап долбоорлору иштелип чыгып, азыр конкурска катышууга даяр турушат.

Start Up (Бизнес инкубатор)  борборунун максаты  агрономия, технология, балык чарбасы, ветеринария, экономика, инженердик-техникалык, биотехнология, гидромелиорация, экология, багытындагы  жаңы инновациялык  акыркы технологияларды колдонуу  аркылуу, креативдүү экономиканы алдыга жылдыруу менен илимий- изилдөө иштери жүргүзүү максатында, студенттердин Start Up долбоорлорун калыптандыруу жана өнүктүрүү болуп эсептелет. 

Добавить комментарий