2026-жылдын 1–2-апрелинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу залында Россия–Кыргыз агрардык университеттер консорциумуна кирген жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларынын көргөзмөсү болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында университеттин ректорунун милдетин аткаруучу Иргашев Алмазбек Шукурбаевич, ошондой эле Россия Федерациясынын «Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы» ФГБОУ ВОнун ректору, Россия–Кыргыз агрардык университеттер консорциумунун Башкармалыгынын төрагасы Волхонов Михаил Станиславович куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чаранын негизги максаты — орто кесиптик билим берүү уюмдарынын (ОКБУ), техникумдардын жана колледждердин студенттерин КУАУда жана консорциумга кирген агрардык жогорку окуу жайларда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болду.

Катышкан жогорку окуу жайлар:

Көргөзмөгө Россия Федерациясынын алдыңкы агрардык университеттеринин өкүлдөрү катышты. Алардын катарында:

  • Алтай мамлекеттик агрардык университети
  • Башкир мамлекеттик агрардык университети
  • Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы
  • Красноярск мамлекеттик агрардык университети
  • В.Н. Полецков атындагы Кузбас агрардык университети
  • К.А. Тимирязев атындагы Россия мамлекеттик агрардык университети – МСХА
  • В.И. Вернадский атындагы Россия мамлекеттик гуманитардык университети
  • Патрис Лумумба атындагы Россия элдер достугу университети
  • Санкт-Петербург мамлекеттик агрардык университети

Аталган жогорку окуу жайлар өздөрүнүн билим берүү программаларын, кабыл алуу шарттарын, даярдоо багыттарын, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк жана илимий кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле келечектеги кесиптик өнүгүү багыттары боюнча пикир алышуу болду.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети эл аралык жана университеттер аралык кызматташтыкты мындан ары да жигердүү өнүктүрүп, студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.