Венгрияда ФАО жана Венгрия Өкмөтүнүн колдоосу менен БЕКЕР магистратуралык программаларга кабыл алуу ачылды

📚 Жеткиликтүү программалар:
🔹 Айыл чарба биотехнологиясы боюнча магистр
— Венгриянын Айыл чарба жана жашоо илимдери университети (MATE), Ыйык Иштван кампусу, Гёдёллё шаары

🔹 Жаныбарларды азыктандыруу жана тоют коопсуздугу боюнча магистр
— MATE, Капошвар кампусу, Капошвар шаары

🔹 Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча магистр
— Дебрецен университети, Айыл чарба жана тамак-аш илимдери жана экологиялык менеджмент факультети, Дебрецен шаары

🎁 Стипендия толугу менен камтыйт:
✅ окуу акысы
✅ окуу материалдары
✅ жатаканада жашоо
✅ ай сайын берилүүчү стипендия
✅ медициналык камсыздандыруу

🌍 Кимдер тапшыра алат?
Төмөнкү факультеттер боюнча бакалаврды бүтүргөндөр жана 4-курстун студенттери:
💡 ветеринардык медицина жана биотехнология
💡 агрономия жана токой чарбасы
💡 айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы
💡 гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу
💡 инженердик-техникалык факультет

🎯 Негизги талаптар:
📌 бакалавр диплому
📌 англис тилин билүү (IELTS / TOEFL)
📌 жаш курагы 30 жашка чейин

🗓 Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
📩 2026-жылдын 25-февралына чейин