2026-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Тыныбековна Исаматова К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине иш сапары менен келип, университеттин Окуу-илимий лабораториялары менен таанышты.
Иш сапардын алкагында, университеттин ректору, академик Нургазиев Рысбек Зарылдыкович өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында, университет тарабынан жүргүзүлүп жаткан окуу-илимий-өндүрүштүк иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Университетинин базасында “In vitro” окуу-илимий лабораториясы микроклондук көбөйтүү ыкмасын колдонуп, инфекциясы жок, сорттуу жана сертификатталган көчөттөр (уруктар) айыл чарба тармагы үчүн өзгөчө маанилүү жана мындай ыкма өсүмдүктөрдүн сапатын жогорулатууга жана өндүрүштүн туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Бул “In vitro” окуу-илимий лабораториясы өлкөбүздүн дыйкандарын жаңыланган жогорку түшүмдүү, илдеттен таза көчөттөр менен толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгунө ээ. Натыйжада, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети өлкөбүздүн азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугуна барандуу салым кошууда.
Министр Гүлзат Тыныбековна Исаматова Агрохимия окуу-илимий лабораториясы МТЗ тракторунун жара кесилиши боюнча окуу лабораториясы, Мамлекеттик тил, Орус тил, Ч.Айтматов, Г.А.Балян атындагы кабинеттер, Стартап борбору, музей, окуу процесси, илимий-изилдөөлөрдүн багыттары жана кадрдык потенциал менен таанышып, университеттин ишмердүүлүгүнө жогорку баа берди. Бул иш сапар илим менен жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүү, инновациялык долбоорлорду колдоо жана айыл чарбадагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында өткөрүлдү.