ФАО долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы КУАУда өттү

       2025-жылдын 22-октябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Кыргыз Республикасындагы жеке айыл чарба компаниялары арасында өсүмдүктөрдү комплекстүү коргоону жайылтуу» аттуу долбоорунун жыйынтыктоочу илимий конференция болуп өттү.

Өсүмдүктөрдү комплекстүү коргоо (ӨКК) — бул зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүүнүн агротехникалык, биологиялык, химиялык жана башка ыкмаларды айкалыштырган комплекстүү мамилеси. ӨККнүн негизги максаты — түшүмгө зыян келтирүүнү алдын алуу гана эмес, ошондой эле, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу. Буга экологиялык таза ыкмаларды  адегенде колдонуу, ал эми, пестициддерди өтө зарыл болгон учурда гана колдонуу аркылуу жетишилет.

Конференцияга:   КУАУнун профессор-окутуучулар курамы, фермердик чарбалардын жетекчилери жана студеттер катышты.  

Иш-чарада студенттерди окутуунун жыйынтыктары жана ӨКК (IPM) маселелери боюнча талаа изилдөөлөрүнүн натыйжалары көрсөтүлдү. Пленардык жыйында сүйлөгөн окумуштуулар, фермерлер жана студенттер теориялык даярдыкты практикалык талаа тапшырмалары менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Адистер салттуу (бир гана химиялык) өсүмдүк коргоо ыкмасынан баш тартып, комплекстүү коргоо методдоруна өтүүнүн зарылдыгын өзгөчө белгилешти. Бул процессте ӨКК боюнча илимий изилдөөлөргө жана фермерлерди жаңы экологиялык таза технологияларга окутууга негизги роль берилет.