You are currently viewing 2024-жылдын 26-февралында И.Раззаков атындагы КМТУда Герман коомунун эл аралык кызматташтык боюнча жолугушуусу болуп өттү.

2024-жылдын 26-февралында И.Раззаков атындагы КМТУда Герман коомунун эл аралык кызматташтык боюнча жолугушуусу болуп өттү.

2024-жылдын 26-февралында И.Раззаков атындагы КМТУда Герман коомунун эл аралык кызматташтык боюнча “Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү” (GIZ) 20.2212.7-002.00 долбоорунун алкагында “Тамак-аш технологиялары жаатындагы окуу программаларын эл аралык аккредитациялоо” боюнча жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө НААР аркылуу өткөн билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктөр тапшырылды. Тамак-аш технологиялары жаатында билим берүү программаларынын айрым маселелери: сапатты камсыздоонун негизги милдеттери; тамак-аш технологиялары чөйрөсүндө билим берүү программаларын жана сапатты камсыздоо процесстерин өркүндөтүү талкууланды. Долбоорду ишке ашыруунун IV этабынын жыйынтыктарын, тышкы эксперттик комиссиянын сунуштарын жана Кыргыз Республикасынын өнөктөш ЖОЖдорун эл аралык аккредитациялоонун жыйынтыктоочу жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууда мындан аркы жардам көрсөтүүнү талкуулашты.