К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин белгилүү инсаны Эркин Арабаевдин 100 жылдыгына карата “Агрардык багыттагы адистерди даярдоодо инновациялык технологияларды колдонуунун маселелери” аттуу Республикалык илимий-тажрыйбалык конференцияга чакыруу.
Күнү: 2024-жылдын 15-майы
Убактысы: 10:00
Орду: КУАУнун жыйындар залы (3-кабат)
Дареги:
720005, Бишкек ш., Медеров көчөсү, 68;
Форматы: (оффлайн/онлайн)
Конференциянын негизги багыттары:
- 1. Гидромелиорация, жерге жайгаштыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- 2. Агрономия, токой чарбасы жана айыл чарба инженериясы;
- 3. Ветеринария жана биотехнология;
- 4. Мал чарбасы, айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы;
- 5. Коомдук, гуманитардык жана табигый илимдер, айыл чарба экономикасы жана инновациялык технологиялар.
Конференциянын жана басылмалардын тили: кыргыз, орус, англис.