Ата-бабаларды эскерүү

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

 2023-жылдын 17-ноябрь күнү “Экономика жана менеджмент” факультетинин “Жогорку математика  жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын  башчысы Дыйканова Айнура Тынчыбековна, факультеттин менеджер-адиси Таалайбек уулу Самат жана ЦА(б)-1-23 тайпасынын  куратору Сагындыкова Рахат Кайыпбековна жана студенттери, жалпы кафедранын окутуучулары менен биргеликте “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышып, таанышуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Студенттер бул ыйык жайдагы тарыхый окуяларга байланыштуу орнотулган эстеликтер, музейлер, коргоого алынган жайлар менен жакындан таанышып, ар бирине байланышкан окуялар, болуп өткөн тарых тууралуу жеринде таасирдүү сабак, маалымат алышты.

 Мындай сабак-экскурсияларды уюштуруунун башкы максаты, “Ата-Бейитти” түбөлүк жай кылган ата-бабаларыбыздын арбактарын эскерүү жана алардын тарыхта калтырган эбегейсиз эмгегине таазим кылуу!!!