Вы сейчас просматриваете К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жайга келишти.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жайга келишти.

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2023-жылдын 22-майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жайга келишти. Асанов К.А.- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты, КР Айыл чарба министри, айыл чарба маселелери боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси; Ашыралиев К.А.- Нарын облустук Кеңешинин мурунку төрагасы, аталган облустун администрация башчысы-акими, Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер; Узакбаев Э.У.-Нарын обусунун мурдагы губернатору, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, белгилүү коомдук ишмер; Узакбаев Т.У.- КР ЖК 5 -чакырылышынын депутаты, КР Айыл, суу чарба жана өнөр жайды кайра иштетүү министри, ветеринария илимдеринин кандидаты; Ирсалиев М.И.-Шерик” дыйкан чарбасынын жетекчиси, айыл чарба илимдеринин кандидаты; Ашырбаев З. А.-Ысык- Ата районунун “Бириккен” айыл чарба кооперативинин жетекчиси келишти. Университеттин ректору, КР УИАнын жана РИАнын академиги Нургазиев Р.З. проректорлор, декандар тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө университеттин инфраструктурасы менен таанышты: Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий лабораториясы; Агрохимиялык лабораториясы; In vitro лабораториясы; Тракторлорду долборлоо лабораториясы; Окуу жана өндүрүштүк күнөсканалары менен таанышты. Илимий-изилдөөчүлөр өлкөнүн айыл чарба тармагынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө, лабораториялардын иштөө максаттары, милдеттери туурасында, мисалы, In vitro лабораториясынын иштеши боюнча жана ал жерде илимий-изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы, микроклондук көбөйтүү, инфекциялардан тазаланган, жаңыланган жогорку түшүмдүү көчөттөрдү өстүрүү ыкмалары туурасында ж.б. маалыматтарды беришти. Иш сапардын соңунда, профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуу өткөрүлду. Жолугушуу учурунда өлкөнүн айыл чарбасынын кечээкиси, бүгүнкүсү жана келечеги туурасында, ошондой эле, агрардык багытты жогорулатуу боюнча маанилүү маселелер, көйгөйлөр талкууланды. Соңунда, суроо-жооптор болду.