2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковна К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине иш сапары менен келди.
Университеттин ректору, академик Нургазиер Рысбек Зарылдыкович, проректорлор, декандар, түзүмдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. А. Талиевны тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева К.А. университеттин инфраструктурасы менен таанышты: Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий лабораториясы; Агрохимиялык лабораториясы; In vitro лабораториясы; Тракторлорду долборлоо лабораториясы; Окуу жана өндүрүштүк күнөсканалары; Студенттик жатакана; Суу жана кыртыштын касиеттерин анализдөө боюнча Кыргыз-Кытай лабораториясы; Виртуалдык логистикалык лабораториясы; Аквакультура борбору; Бизнес-инкубатор борбору; Ч.Айтматовдун кабинети; Профессор Балян атындагы кабинет; Актовый зал, илимий китепкана музей менен таанышты,
Илимий-изилдөөчүлөр өлкөнүн айыл чарба тармагынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө, лабораториялардын иштөө максаттары, милдеттери туурасында, мисалы, In vitro лабораториясынын иштеши боюнча жана ал жерде илимий-изилдөөлөр жүргүзүлүп жаткандыгы, микроклондук көбөйтүү, инфекциялардан тазаланган, жаңыланган жогорку түшүмдүү көчөттөрдү өстүрүү ыкмалары туурасында ж.б. маалыматтарды беришти.
Иш сапардын соңунда, профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуу өткөрүлду. Жолугушуу учурунда суроо-жооптор болду.