Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Асангазиев Нурбек Жогорку студенттик кеңешинин курамы чогулуш өттү

2021-жылдын 19-ноябырында КУАУнун жыйындар залында Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Асангазиев Нурбек Жогорку студенттик кеңешинин курамы менен жолугуп 17-ноябрь студенттер күнү менен куттуктап студенттик күндөр жашоодо эң маанилүү баскыч экендигине токтолуп кетти.

Ошоной эле, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана атмосферадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен таныштырып, университеттин тегерегинен жана андан сырткары тамеки, никотин, электрондук тамеки, кальян, аэрозоль жана башка продукцияларын чегүүгө тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жогорку студенттик кеңешинин, Спорт клубунун жетекчиси, Технология факультетинин 2-курсунун студенти Сулайманов Амангелдини көзөмөлдөөчү орган катары дайындалды.  

      Кыргыз Республикасынын  Президентинин   «Жогорку Кеңештин депутаттарын эркин, таза жана ачык-айкын шайлоону камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы,   К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, КР УИАнын академиги Р.З.Нургазиевдин  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча талаптарды сактоо жөнүндө” Буйругу менен тааныштырылып, студенттер шайлоо алдындагы үгүт иштерине   катышууга  тыюу салынгандыгы тастыкталды.