You are currently viewing 2021-жылдын 25-26 — октябрында КУАУнун Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Асангазиев Нурбек “Ала — Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн “Республикалык жаштар конгрессине”  катышып келди.

2021-жылдын 25-26 — октябрында КУАУнун Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Асангазиев Нурбек “Ала — Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн “Республикалык жаштар конгрессине” катышып келди.

2021-жылдын 25-26 — ноябрында КУАУнун Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Асангазиев Нурбек “Ала — Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн “Республикалык жаштар конгрессине”  катышып келди.  Иш — чаранын максаты, мамлекеттик органдардын жана жаштар уюмдарынын иштерин улуттук кызыкчылыктарда колдонулушу жана кызматташуу  максатында «Биздин келечек» жаңы жаштар программасын сунуштоо.

Конгресске:  КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дүйнөнүн II жолку чемпиону, Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова,     КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, КР Юстиция министри Аяз Баетов, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гайпкулов,  ЖОЖдордун  жаштар иштери боюнча комитеттин төрагалары, студенттер, активисттер жана мамлекеттик кызматкерлер катышышты.

Конгресстин алкагында, жаңы социалдык долбоорлор, жаштар демилгелери жана Кыргыз Республикасында жаштар саясатын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү талкууланды жана иш-чара “Жаштар — өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизки локомотиви!” деген ураандын  алдында өттү.

     КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков жаштар саясаты жаатында аткарылган иштер боюнча   отчет берди.   Ошондой эле, катышуучулар “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине   барышты.