2021-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинде К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин Мелиорация жана суу ресурстарын башкаруу кафедрасынын Жаратылышка жайгаштыруу жана суу пайдалануу багытында окуган 4-курстун студенттери, суу чарбасында иштеген адистер менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун максаты өндүрүш менен окуу жайдын ортосундагы мамилени бекемдөө, теориялык билимди практикада колдонуу, бүтүрүүчүлөр үчүн квалификациялык ишке маалымат топтоо жана жумуш менен камсыз болуу багытында болду.