Статистика

mod_jvcountermod_jvcountermod_jvcountermod_jvcountermod_jvcountermod_jvcounter
176
6399
12940
656650

Контакты

Кыргызского Национального Аграрного Университета им. К.И. Скрябина: 

720005, г. Бишкек, ул. Медерова, 68 
Телефоны: +996 312 54-52-10, 54-05-48 
Факс: +996 312 54-05-45 
E-mail: 
knau-info@mail.ru

Уважаемые абитуриенты!

Кыргызский национальный аграрный университет им. К.И. Скрябина объявляет прием на очное и заочное формы обучения на бюджетной и контрактной основе.

Пороговый балл ОРТ для абитуриентов, поступающих в КНАУ им.К.И.Скрябина, на все направления и специальности снижен до 100 баллов. 

Лента новостей
2018-жылдын 31-майында
Новости
2018-жылдын 31-майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жыйындар залында университеттин проректорлору, факультеттердин декандары, кафедра башчылары, мамлекеттик аттестациялык коммиссиялардын катчылары, факультеттердин методисттеринин катышуусунда   билим берүү,    илимий, тарбиялык иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча көйгөйлүү маселелер каралды. Жыйында   окуу иштер боюнча проректор А.Иргашев сөз сүйлөп, күн тартибинде окуу процесси, илимий, тарбиялык иштер жана мамлекттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер бар экендигин белгиледи.   Андан соң, сөз  университеттин окуу бөлүмүнүн башчысы Ш. Аматовго берилди.  Ш.Аматов өз сөзүндө   КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана  университеттин  мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын  ишмердүүлүгүн  көзөмөлгө алуу,   коррупцияны алдын-алуу боюнча  буйруктар жана инструктивдик каттар менен тааныштырды. Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы И.Алыкеев  квалификациялык ишти аткаруу жана анын сапатын аныктоо механизмдери боюнча презентация менен коштолгон маалымат берди. Илимий иштер боюнча проректор Т.Чортонбаев КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын жаңылыктары   боюнча маалымат берди. Тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректор С.Т.Батаканова  тарбия иштерине,    иш кагаздарын тезинен мамлекеттик тилге өткөрүү жана мамлекеттик стандарт боюнча мамлекеттик тилде окуу куралдарын жазуу керектигине токтолду. Жыйындын соңунда, проректор А.Иргашев жыйындын жүрүшү боюнча токтом түзүлөрүн жана тийиштүү буйруктар жана документтер деканаттарга жана кафедраларга жөнөтүлөрүн  белгилеп, алар боюнча  ыкчам  иш жүргүзүү керектигин белгиледи. Read more...
   |   
2018-жылдын 19-майында
Новости
2018-жылдын 19-майында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын аянтчасында өткөрүлгөн Билим фестивалынын экинчи күнүндө К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин атынан өкүлдөрү абитуриенттерге жана студенттерге туура багытта кадам жасашына жардам берүү үчүн орчундуу жана керектүү маалыматтарды берип келишти. Read more...
   |   
2018-жылдын 17-майында
Новости
2018-жылдын 17-майында  К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун демилгеси менен,  Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы институту коомдук фонду (ИСУР) каржылык колдоо көрсөтүп факультеттер аралык студенттик «НУКУРА КЫРГЫЗ ДААМЫ – АЗЫК-ТҮЛҮК КООМСУЗДУГУ» аттуу салттуу тамак-аш фестиваль-кароо-сынагы  болуп өттү. Фестиваль-кароо-сынактын максаты кыргыз элинин салттуу тамак-аш маданиятын  сактоо жана жайылтуу болуп саналат. Фестивалдын алкагында факультеттер аралык улуттук тамак-аш боюнча кароо-сынак жана студенттик флеш-моб жана “Кийиз дүйнө” коомдук фондунан элечек боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Кароо-сынак “Устат-шакирт” салттуу музыкалык борборунун жана КУАУнун студенттеринин аткаруусундагы салттуу музыка, ыр-бий менен коштолду. Кароо-сынакка төмөнкүдөй талаптар коюлду: Кыргыз элинин салттуу тамак-аштары: - эт азыктарынан жасалган; - сүт азыктарынан жасалган; - дан азыктарынан жасалган тамак-аштар - салттуу суусундуктар . Фестивалга КУАУнун профессордук-окутуучулар жамааты, студенттер, мааракенин коноктору, Кристенсен фондунун өкүлдөрү жана ИСУР коомдук фондунун өнөктөштөрү катышты. Read more...
   |   

2018-жылдын 27-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында    Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунунун түзүлгөндүгүнүн 25жылдыгына карата Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттуу жыйынга К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү да  катышты. Кыргызпатенттин төрагасынын м.а. С.Ш.Байзаков интеллектуалдык менчиктин мааниси, жетишкендиктери жана келечеги тууралуу сөз сүйлөдү.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри А.С.Омурбекова куттуктоо сөз  сүйлөп, сыйлыктарды тапшырды.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу, философия илимдеринин доктору  Г.Т.Ботоканова кыргыз элинин салттуу билимдерин жандандырууга кошкон зор салымы үчүн жана КУАУнун илим бөлүмүнүн илимий кызматкери, айыл чарба илимдеринин кандидаты Т.Ж.Ызаканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин “Грамотасы”  менен сыйланышты.

Подробнее...

В рамках проекта Японского агентства международного сотрудничества (JICA) сотрудники Кыргызского научно-исследовательского института им. А. Дуйшеева прошли обучение  в Обихиро университете сельского хозяйства и ветеринарной медицины. 

Подробнее...

2018-жылдын 11-апрелинен 20-апрелине чейин К.И.Скрябин атындагы КУАУнун факультеттик сааттарында “К.И.Скрябиндин өмүрү жана илимий ишмердүүлүгү” аттуу лекциялар өткөрүлүп жатат.

Подробнее...

2018-жылдын 17-апрелинен 20-апрелине чейин Республикалык жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлүүчү “Бишкек Жазы-2018” фестивалына катышууга тандоо жүргүзүү максатында, К.И.Скрябин атындагы КУАУда факультеттер аралык студент-өнөрпоздордун “Баракелде-2018” аттуу кароо-сынагы өткөрүлүп жатат.

Подробнее...

С 16 – 20 апреля 2018 года ректор Кыргызского национального аграрного университета им. К.И. Скрябина Нургазиев Р.З., директор Кыргызского научно-исследовательского института животноводства и пастбищ Турдубаев Т.Ж., директор образовательного научно-исследовательского центра (ОНИЦ) Касымбеков Р.  и другие делегаты из КР  проводят деловые встречи и проходят тренинг в Японии в рамках совместного проекта с Жайка "Проект рыночно ориентированного производства сырого молока в Чуйской области", который реализуется на базе ОНИЦ КНАУ. 17-апреля наша делегация посетила центральный офис Жайка в г. Токио и встретилась с координаторами проекта и вице-директором сельскохозяйственного подразделения Жайка, г-ном Сузуки Казуиа.