2021-жылдын 14-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Технология факультетинин профессор-окутуучулар жамааты студенттер менен он-лайн жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун максаты аймактардагы мектетердин бүтүрүүчүлөрүнө профориентациялык иштерди жүргүзүү. Иш-чарага: КУАУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Т.Ж.Чортомбаев, Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы И.Ж.Алыкеев, факультеттин деканы, профессор С.М.Деркембаев, профессор-окутуучулар, студенттер катышышты. Аймактардагы студенттерге университет, факультет тууралуу видеороликтер, рекламалар, материалдар жөнөтүлгөндүгү айтылды. Ар бир студент өзү жашаган жердеги орто мектептин бүтүрүүчүлөрү менен ватсап группа түзүп, аталган материалдарды жиберүү керектиги тастыкталды. КУАУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Т.Ж.Чортомбаев, Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы И.Ж.Алыкеев, факультеттин деканы, профессор С.М.Деркембаев керектүү сунуштарын айтышты.


