2021-жылдын 12-13-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин 1-2-курстарынын студенттери менен профориентациялык иштерди уюштуруу боюнча жолугушуу ѳттү. Жолгушууга: КУАУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Иргашев А.Ш. катышты. Факультеттин деканы, профессор Акназаров Б.К. студенттердин ар бири аймактардагы мектептерге барып, мугалимдер жана бүтүрүүчулѳр менен жолугушуп, университет жѳнүндө буклеттерди, видеороликтерди таратып жана бүтүрүүчүлор жѳнүнундөгү толук маалыматтарды, берилген формага ылайык даярдап, кураторлордун дарегение жѳнѳтүш керек экендигин түшүндүрүп берди. Презентациялар жасалды. Иш-чарага: декандын орун басары, доцент Токоев К.К., кафедра башчылары, доценттер Ажыбеков Б.С., Бегалиев Р.Т. жана группалардын кураторлору катышты. Жалпы катышуучулардын саны 1- курс боюнча 80ден ашык, ал эми 2- курс боюнча 98 катышуучу болду. Университет жана факультет боюнча жалпы маалыматтар берилди жана видеороликтер, плакаттар ар бир студентке жиберилди.



