Меню

Научная электронная библиотека

Статистика

mod_jvcountermod_jvcountermod_jvcountermod_jvcountermod_jvcountermod_jvcounter
341
6157
26114
604774

Контакты

Кыргызского Национального Аграрного Университета им. К.И. Скрябина: 

720005, г. Бишкек, ул. Медерова, 68 
Телефоны: +996 312 54-52-10, 54-05-48 
Факс: +996 312 54-05-45 
E-mail: 
knau-info@mail.ru

Лента новостей
2021-жылдын 14-январында
Новости
2021-жылдын 14-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Технология факультетинин профессор-окутуучулар жамааты студенттер менен он-лайн жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун максаты  аймактардагы  мектетердин бүтүрүүчүлөрүнө профориентациялык иштерди жүргүзүү. Иш-чарага:  КУАУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Т.Ж.Чортомбаев, Билим берүүнүн  сапаты бөлүмүнүн башчысы И.Ж.Алыкеев, факультеттин деканы, профессор  С.М.Деркембаев, профессор-окутуучулар, студенттер катышышты. Аймактардагы студенттерге университет, факультет тууралуу видеороликтер, рекламалар, материалдар жөнөтүлгөндүгү айтылды. Ар бир студент өзү жашаган жердеги орто мектептин бүтүрүүчүлөрү менен ватсап  группа түзүп, аталган материалдарды жиберүү керектиги тастыкталды. КУАУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Т.Ж.Чортомбаев, Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы И.Ж.Алыкеев, факультеттин деканы, профессор  С.М.Деркембаев  керектүү сунуштарын айтышты. Read more...
   |   
2021-жылдын 12-13-январында
Новости
2021-жылдын 12-13-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин 1-2-курстарынын студенттери менен профориентациялык иштерди уюштуруу боюнча жолугушуу ѳттү. Жолгушууга: КУАУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Иргашев А.Ш. катышты. Факультеттин деканы, профессор Акназаров Б.К. студенттердин ар бири аймактардагы мектептерге барып, мугалимдер жана бүтүрүүчулѳр менен жолугушуп, университет жѳнүндө буклеттерди, видеороликтерди таратып жана бүтүрүүчүлор жѳнүнундөгү толук маалыматтарды, берилген формага ылайык даярдап, кураторлордун дарегение жѳнѳтүш керек экендигин түшүндүрүп берди. Презентациялар жасалды. Иш-чарага: декандын орун басары, доцент Токоев К.К., кафедра башчылары, доценттер Ажыбеков Б.С., Бегалиев Р.Т. жана группалардын кураторлору катышты. Жалпы катышуучулардын саны 1- курс боюнча 80ден ашык, ал эми 2- курс боюнча 98 катышуучу болду. Университет жана факультет боюнча жалпы маалыматтар берилди жана видеороликтер, плакаттар ар бир студентке жиберилди. Read more...
   |   
2021-жылдын 13-ян
Новости
2021-жылдын 13-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Гидромелторация экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин студенттери менен профориентация иштерин жүргүзүү боюнча  жолугушуу   өткөрүлдү. Иш - чарага: КУАУнун Административдик-чарбалык иштери боюнча проректору, айыл чарба илимдеринин доктору Шергазиев У.А., факультеттин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Самыкбаев А.К., кафедра башчысы Чортомбаев У.Т., профессор-окутуучулар, кураторлор,      студенттер катышышты. Аймактардагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү менен студенттер байланышып, профориентация иштерин жүргүзүү максатында, университет, факультет жөнүндө видеороликтерди, маалыматтарды таратуу, негизги максат экендиги тастыкталды. Read more...
   |   

2021-жылдын 12-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин 1-курсунун студенттери менен профориентация иштери боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Иш - чарага: факультеттин деканынын орун басары Токоев К.К., кафедра башчысы Ажыбеков Б.С., Жаштар иштери боюнча комитеттетин төрагасы Асангазиев Н.Э. жана группалардын кураторлору катышты. Ошондой эле, студенттерге университет, факультет жөнүндө видеороликтер, буклеттер жана башка материалдар жиберилди. Студентер аталган материалдарды аймактардагы мектептердин бүтүрүчүлөрүнө таркатып берүү керектиги белгиленди.