К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук  агрардык университетинин 2020-жылдын 16-мартындагы “Коронавирус инфекциясын алдын-алуу штабы” боюнча бекитилген №43- буйруктун талаптарына ылайык, бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бардык окуу имараттарга, лаборатория жана жатаканаларга чектөө жарыяланып, толугу менен дезинфекциядан өткөрүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн буйруктун талаптарына ылайык, ички жана тышкы күзөттөр уюштурулуп, эпидемиялогиялык абал, атайын түзүлгөн штаб тарабынан тыкыр көзөмөлдүккө алынууда.