К.И.Скрябин атындагы  Кыргыз улуттук агрардык университетинде «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына жана ЖОЖдор арасындагы окутуучу профессорлор арасында“Ден соолук -2020” спартакиадасына катышууга даярдык көрүү максатында 2019-жылдын 2-декабрынан 19-декабрына чейин факультеттер аралык спорттун

6 түрү боюнча  профессордук окутуучулар курамынын арасында  Спартакиада болуп өттү.

Спорттук иш чаранын негизги максаты:

- профессордук окутуучулар курамынын ден соолугун чыӊдоо, спорт менен машыгууга үндөө,   факультеттер арасында достукту чыңдоо;

- күчтүү спортсмендерди тандап алуу, университеттин курама командасынын курамын толуктоо;

-“Ден соолук-2020”спартакиадасына  активдүү катышуу, байгелүү орундарга ээ болуу.

Өткөрүлгөн спартакиаданын жалпы жыйынтыгы төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:

1-орун   ТППиСХП, 2-орун  ФВМиБ, 3-орун  Администрация