2019-жылдын 19-декабрында К. И. Скрябин атындагы КУАУнун Экономика жана маалыматтык системалар факультетинин  куратордук саатында Эл аралык ДАС Эдукейшн «Америка мектеби» борбору презентация  өткөрдү.  Иш-чарада    аталган  борбордун директору Айылчиев Замир презентациясында,    негизги максат  -   мамлекеттик, расмий жана  чет тилдерди  терең өздөштүргөн, көп тилдүү жаңы муундарды   өстүрүү экендигине токтолду. Ошондой эле,  тил үйрөтүүдөгү инновациялык технологияларды  жана анын  артыкчылыктарын тастыктады.     

Соңунда, студенттер тарабынан даярдалган жаңы жылдык чакан концерттик программа тартуууланды.

Иш-чарага:   Эстетикалык борбордун жетекчиси Маматокторов  А. Ж.,  Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы  Асангазиев Н.Э., факультеттин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент  Жумалиев Т.Ж.,  профессор-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.