К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенттик жатаканаларында тартипти сактоо максатында, профессор-окутуучулар график боюнча  кечкисин дайыма дежур болуп турушат.  2019-жылдын 16-декабрында  Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, профессор Батаканова С.Т., Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Асангазиев Н., жатакананын коменданты Баймурзаев Ж. жана  Студенттик кеңештин мүчөлөрү  студенттик жатаканаларга барышып, бөлмөлөрдү кыдырышып,  алардын  жашоо шарты,  билим алуусу, жүрүш-туруш эрежелери, тартип-тазалык маселелери туурасында аңгеме өткөрүштү.