К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уландар жана кыздар  арасындагы жеңил атлетика  боюнча курама командасы  2019-жылдын 11-12-апрель  күндөрү  Д.Омурзаков  атындагы “Спартак” стадионунда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын “2019-жыл аймакты өнүктүрүү жана санариптик өлкө” жылына арналган жогорку окуу жайларынын 2019-жылкы Универсиадасында II лигадан биринчи  орунга ээ болуп, I лигада ойноого жолдомо алышты.