2021-жылдын 22-январында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Экономика жана маалыматтык системалар факультетинин 2-курсунун студенттери менен онлайн жоолугушуу өткөрүлдү. Онлайн жоолугушууга: факультеттин деканы, доцент Жумалиев Т.Ж., кафедра башчылары, кураторлор, университеттин Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Асангазиев Н. жана 2-курстун студенттери катышышты. Кураторлорго жана студенттерге университет жана факультет тууралуу маалыматтарды онлайн түрүндө кантип таркатуу керек экендиги түшүндүрүлдү. Ошондой эле, социалдык тармактарда 1,6-2,5 млн. жазылуучусу (подписчик) бар, жаштарга белгилүү жылдыздар аркылуу маалыматтарды таркатуу кажет экендигин, Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Н. Асангазиевге берилди.
Конференциянын негизги максаты, студенттер аркылуу кесипке багыттоо иштерин мектептердин бүтүрүчүлөрүнө жүргүзүү боюнча маалыматтарды берүү.

