2020– жылдын 2-мартынан 6-мартына чейин К.И. Скрябин атындагы КУАУнин инженердик – техникалык факультетинде Колдонмо механика, физика жана инженердик педагогика кафедрасында профессор-окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү иш-чарасынын алкагында, Казакстан Республикасынын Казак улуттук агрардык университетинин, IT–технология, агроөнөржай комплексин механизациялаштыруу жана автоматташтыруу факультетинин Кесиптик окутуу кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор Скабаева Гульмира Несипбаевна ПО-1-19 тайпасынын студенттерине Жалпы психология сабагынан “Психология илиминин негизги тарыхый өнүгүү этаптары”, “Психологиянын XX кылымдагы негизги багыттары”, “Психологиянын негизги принциптери жана психологиялык изилдөөлөрдүн ыкмалары” аттуу темалары боюнча лекцияларды окуду.