2019-жылдын 23-24-декабрь күндөрү К.И.Скрябин атындагы КУАУнун окуу залында айыл чарба багыты боюнча 2019-жылы аткарылган 54 илимий-изилдөө иштери боюнча отчеттор берилди. Иш-чарага: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу илим департаментинин директорунун м.а. Туркбаев Пазылбек Борубаевич, КУАУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор Чортонбаев Т.Ж., илим бөлүмүнүн башчысы Бектуров А.Б. жана бөлүмдүн кызматкерлери, А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария   илимий – изилдөө институтунун директорунун орун басары Турсунбетов М.С., Кыргыз ирригация илим –изилдөө институтунун директору Кулов К.М., Кыргыз мал чарба жана жайыт илим – изилдөө институтунун директору Турдубаев Т.Ж., Кыргыз  дыйканчылык илим –изилдөө институтунун орун басары Усубалиев Б.К., институттардын  кызматкерлери катышты. Илим департаменти тарабынан түзүлгөн эксперттик кеңештин курамы отчетторду кабыл алып, өз бааларын беришти.

Онлайн заявка