2020-жылдын 6-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинде Дүйнөлүк банктын суу ресурстары боюнча менеджери Девид Мишо “Борбордук Азияда суу ресурстарынын коопсуздугу” аттуу темада лекция окуду. Жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу, Гидротехникалык курулмалар багытында окуган студенттерге лекция абдан кызыктуу өттү.  Иш-чарага КУАУнун Жаштар иштери боюнча комиттеттин төрагасы Асангазиев Н.Э. жана Мелиорация жана суу ресурстарын башкаруу, Тоо гидротехникалык курулуштар кафедраларынын профессор-окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.

Онлайн заявка