2019-жылдын 26-декабрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун профессор-окутуучулары, кызматкерлери үчүн  «Ак сарай» ресторанында жаңы жылдык салтанат өткөрүлдү. Салтанатта университеттин ректору, КР УИАнын корр.-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Р.З. куттуктоо сөз сүйлөп, мыкты иштегендерге КУАУнун “Ардак Грамотасын”  жана  акчалай сыйлыктар тапшырды. Андан тышкары, профессор-окутуучуларга, кызматкерлерге 13 айлык маяна берилери тууралуу жана 2020-жылдын 1-январынан айлык маяна 15% га көтөрүлө тургандыгы боюнча ректордун буйругун жалпы жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы Руденко Т.Ш окуп берди. Иш- чарада администрация, ар бир факультет, институт, колледждер  көркөм чыгармачылыктарын тартуулашты.

Онлайн заявка